Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мэрге ишенбөөчүлүк - бул иш жүзүндө бийликти кайра бөлүштүрүү»

Саясат таануучу премьер-министр шаар башчысы Албек Ибраимовдун отставкасын кечиктирбейт деп ишенет

Азыркы саясий кырдаалда Бишкек мэри Албек Ибрамовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү толугу менен мыйзам ченемдүү, күтүлгөн окуя. Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Павел Дятленко ушундай деп эсептейт.

- Бул шайлоодон кийинки чиновниктерди алмаштыруу процесси, ал бийликти жана ресурстарды кландар ортосунда кайрадан бөлүштүрүү гана, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Советтик доордон кийин келип жаткан бардык президенттер ушундай кылышат. Чиновниктердин алмашуу мөөнөтү отставканын себеби менен гана бири биринен айырмаланат.

Саясат таануучу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаардык кеңешинин чечимин гана бектип берет деп белгиледи.

Мындан мурун Vesti.kg сайты Бишкек шаардык кеңеши бир добуштан мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө добушун беришкендигин эсиңиздерге салабыз. Күн тартибиндеги жалгыз гана маселе шаарда түзулүп жаткан кырдаал боюнча фракция лидерлерине кайрылуу болгон. Мыйзам боюнча ишеним көрсөтпөө добушунун жыйынтыгын премьер-министрге жолдошот. Эгерде министрлер кабинети бул маселени колдобой койсо, анда Бишкек шаардык кеңеши 3 айдан соң бул маселеге кайрылып келишет.

Албек Ибраимовдун өзү болсо бул окуяларды саясий буйрутма деп эсептейт жана жакынкы күндөрдө билдирүү жасайт. Бул сөздөрүн ал фейсбук баракчасына жазды.

«Мен үч күндөн бери тоодомун, бул тууралуу кеч уктум, - дейт мэр. Шаардын жашоочуларына колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн алкыш айтам. Кылган ишим менен сыймыктанам, кылган иштериме ыраазымын».

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх