Өкмөт Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин чечимин ала элек
- жолу 763 кароо
Ал ортодо мыйзам боюнча мэрди эмгек өргүүсүндө жүргөндө кызматтан алууга болбостугу белгилүү болду
Бишкек мэри Албек Ибраимов мыйзамга ылайык кызматынан ушул жылдын 8-августунан кийин гана кетүүгө болот. Мындай түшүндүрмөнү Vesti.kg сайтына өкмөттүн аппаратындагы оздүк маалыматтар билдиришти.
Белгиленгендей, КР Эмгек кодексинин талабы ушундай.
- Мыйзамга ылайык кызматчыны эмгек өргүүсүндө жүргөндө кызматтан алууга мүмкүн эмес, - деп такташты министрлер кабинетинен. - Албек Ибраимовдун эмгек өргүүсү 8-августка чейин созулат.
Ал ортодо өкмөттүн аппаратынын пресс-кызматы Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык кеңешинин Албек Ибраимовго карата чечимин ала элекпиз деп билдиришти.
- Биз азырынча шаардык кеңештен документтерди күтүп жатабыз, андан соң гана бирдеме деп үн катабыз, - деп жооп беришти өкмөттөн.
Өткөн жумада Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары көпчүлүк добуш менен мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөсүн билдиришти.
Мэрдин отставкасы тууралуу акыркы чечимди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алат.
Бакыт Стамов
Сүрөт www
Окшош макалалар
- Бишкек шаардык сотунда Албек Ибраимовдун ишин карашат
- Мэр айылдыктарды УКМК каршы "тирүү калкан" катары колдоном деп коркуткан
- Бишкек мэри Албек Ибраимов камалды
- Өкмөт Бишкек шаардык кеңешинин Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин алды. Бирок премьер жок
- «Мэрге ишенбөөчүлүк - бул иш жүзүндө бийликти кайра бөлүштүрүү»