Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек өргүүсү Албек Ибраимовду отставкадан сактап калбайт

Өкмөттөгүлөр саясий кызматты ээлеген адамдар үчүн Эмгек кодексинин нормалары тийешелүү эмес экендигин эскертишти

Бишкек мэри Албек Ибраимовду эмгек өргүүсүндө жүргөнүнө карабастан отставкага жиберишет. Бул туурасында Vesti.kg сайтына өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын эмгек кодексинин 427-беренесине ылайык жергиликтүү администрация башчысына жергиликтүү кеңештин ишеним көрсөтпөөсү жана премьер-министрдин аны кызматтан бошотуу чечими анын кызматтан кетишине негиз болот, - деп билдиришти министрлер кабинети. - Президент, Жогорку Кеңеш, премьер-министр жана саясий кызматты аркалаган адамдар эмгек кодесинин субьектилери катары каралышпайт. Мындан улам, саясий кызматтан бошогондо, эреже катары, эмгек мыйзамы  гарант катары эсептелбейт.  

Өткөн жумада Бишкек шаардык кеңеши мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө добушун беришкен эле . Акыркы чечимди премьер-министр чыгарат.
Чечим кабыо алганга премьердин үч күн убактысы бар.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх