Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чачтарачтар жана мейманканалар ал жердеги коюлган музыканын авторуна акча төлөп башташат

Кыргыз өкмөтү ушундай демилгени көтөрүп чыкты. Эстрада өкүлдөрү бул идеяга күмөнсүшөт

Коюлган музыкага авторуна  акча төлөө жаңылыгын жашоого киргизүү тууралуу Өкмөттүн сунушу оңой болбойт. Мындай оюн  Vesti.kg сайтына белгилүү музыкант курмангазы Азыкьаев билдирди.

- Мен үчүн автордук укук темасы, эң аялуу тема, - деп ал монуна алды. - Көп эле учурда менин чыгармамды колдонушуп, атымды атап да коюшпайт. Өкмөт аларды кантип аркасынан карап турат билбейм. Эмне ар бир чачтарачка киши коёбу? Бул айлык ала турган чиновниктин санын гана көбөйтөт.
 
Өз кезегинде ата-мекендик продюссер Канат Култаев да бул идеяга таң калаарын айтты.


Мен өмүрүмдө чачтарачта музыка коюлганын уккан эмесмин, - дейт ал  Vesti.kg сайты менен болгон маекте. Эмне үчүн акча алышаарына түшүнбөй турам. Караокелер төлөсө болот. Алар музыкаларды колдонушат жана ушуну менен акча иштеп табышат.

Интеллектуалдык менчик жана жаңылык боюнча Мамлекеттик кызмат  өкмөттүн бул тууралуу мыйзам долбоорун коомчулуктун талкуусуна алып чыккандыгын түшүндүрө кетели.

Атап айтканда, мекеме музыка үчүн акча төлөөчү ишканаларды көбөйтүүнү сунуш кылып жатат. Кафе, реторандарга сулуулук салондору да кошулат.

Такси менен маршруткалар үчүн музыка угуу бекер болот. Анткени кайсы такси музыка коюп уккандыгын далилдөө кыйындыкка туруп калат экен. Буга самолёт, автобус жана тролейбустар да кирет.


Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх