Өкмөт Бишкек шаардык кеңешинин Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин алды. Бирок премьер жок
- жолу 540 кароо
Мухаммедкалый Абылгазиев азыр Грузияда. Шаршемби күнү кайтат
Өкмөт Бишкек шаардык кеңешинин Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө добушу тууралуу чечимин алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
- Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы тапта Грузияда жүрөт, шаршемби күнү Кыргызстанга кайтып келет, - деп билдиришти министрлер кабинети.
Өткөн жумада Бишкек шаардык кеңеши көпчүлүк добуш менен Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөй коюшкандарын эсиңиздерге салабыз. Шаар башчы тууралуу акыркы чечимди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чыгарышы керек. Документ келип түшкөндөн баштап премьер-министрдин бул маселени чечүүгө 3 күн убактысы бар
Вероника Малышева
Сүрөт www