Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз чек арачылары тажик-афган чегинен талибдерди кармашты. Алардын жеңилдиктери алынып салынган

КР КК ветераны акыйкаттуулукту кайра орнотууну талап кылат жана кыргыз-тажик чек арасындагы «Талибдердин» жанданышына көңүл бурууга чакырат

Советтер союзу ураган соң Кыргыз Республикасынын аскерлери тажик-афган чегин кайтарып калышкан. Бирок аларга деген жеңилдиктерди Феликс Кулов 12 жыл илгери эле алып салган болчу. Бул туурасында Vesti.kg сайтына КР Куралдуу Күчтөрүнүн ардагери, эс алуудагы полковник Анвар Сартаев айтып берди.

СССР кулагандан кийин тынчы жок тажик-афган чек арасы коргоосуз калды. Тажикстанда жарандык согуштуг оту алоолоп жаткан, алардын чек ара кайтарууга чамасы жок болчу.
Куралдуу топтор чек ара аркылуу беймарал кирип, талап, тоноп жана милиция, аскер бөлүкчөлөрүн жок кылып кетишчү.
Күзөттө турган анча көп эмес сандагы орусиялык аскерлер чек аранын баарын кайтарганга жетишчү эмес. Ошондуктан жаңы түзүлгөн СНГ мамлекеттеринин башчылары жыйын куруп, биргелешип чыңдоону чечишкен.

Ошентип, 1992 жылдан 1996-жылга чейин тажик-афган чегинин Ишкашим аймагын Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын аскерлери менен катар Кыргыз Республикасынын аскерлери да кызмат өтөөчү.

«Ошол кездеги чек арадагы согуштук аракеттерди эсепке алып, Кыргыз Республикасынын өкмөтү токтом чыгарат, №603  тажик-афган чек арасын коргогон жоокерлерге жеңилдиктер болсун.т Ошол кездеги премьер-министр Турсунбек Чыңгышевдин колу коюлган», - деп эскерет Сартаев.

Ушундай эле жеңилдиктердиРоссия жана Казакстан да беришкендиктерин белгилей кетели. Жана бул абал аларда азыркыга чейин күчүндө.

Ал эми Кыргызстанда жоюп салышкан. Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов аскер кызматчыларынын бул жеңилдиктерин 2006-жылы 16-майда №357 токтому менен алып салды. Өкмөттүн бир да мүчөсү каршы чыга алган жок.

Сартаев кыргыз батальондору ал жерден кеткенден алты ай өтпөй, тажик-афган чеги аркылуу биздин жерге куралдуу согушкерлер кирди деп эскертет. Бул Баткен окуясынын башталышы эле.

ОшондуктанАнвар Сартаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге 2006-жылы мыйзамсыз кабыл алынган Куловдун токтомун жокко чыгарууну жана конституциялык укукту калыбына келтирүүнү суранат. Алар 1992-1999 жылдары тажик-афган чегин коргогон жоокерлер болчу.

«КР Конституциясынын 20-беренеси адамдардын эркиндигин алып салууга тыюу салат, - эскертет аскердик омбудсмен. - Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн согуштук иш-аракеттерде болгон аскерлердин укуктары мыйзамсыз жана одоно түрдө бузулган».

Андан сырткары ал аскер кызматкерлеринин укугун тебелеген чиновниктерди кылмыш жообуна тартууну суранат. Маселе Борбордук Азия аймагына жакындап келе жаткан терористтердин коркунучу тууралуу болуп жатат.

2018-жылы майда Тажикстандын улуттук коопсуздук комитети чек аранын аймагында 7 миң талибандар тургандыгын кабарлаган. Ошол эле убакта ММК экстремисттердин активдүү аракеттери тууралуу жазып чыгышты.
Жакында эле, бар болгону бир нече күн илгери, афган талибдери Тажикстан менен чек аралаш аймактагы Хваджа Гхар уездин өкмөттүк күчтөрдү  басып алышкан. бул тууралуу аймактын губернаторунун пресс-катчысы Тахар Тимур Сунатуллу билдирди.

«Согушкерлер Пули Моманд уездиндеги Дашти-Арча  калктуу пунктуна чабуул коюшкан. 32 жоокерди өлтүрүп жана 20 жоокерди жарадар кылышкан».

Бул Афганистандын жана Кыргызстандын ортосунда бир гана дубал бар ал Тажикстан дегенди түшүндүрөт.

«Бирок Афганистандын согушкерлери жайында жашыруун жолдор менен айланып өтүүсү мүмкүн, - дейт Сартаев. -Кыргызстанды мындай коркунуч абалында ким коргойт деген суроо туулат - согуш аракеттеринин ардагерлериби же Куловбу?».

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх