Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Феликс Кулов премьер командасына акылсыз адамдарды топтобойт деп ишенет

Мухаммедкалый Абылгазиев эми орун басарды жана аппарат башчыны өзү дайындайт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппаратына кызматкерлерди дайындоо тууралуу токтомду өзгөрттү, ал 2017-жылы 10 февралда кабыл алынган эле. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын пресс-кызматы билдирди.

Эми Абылгазиев өкмөттүн аппаратындагы орун басарлардын баарын конкурсу жок эле өзү дайындайт. Ошондой эле вице-премьерлердин кеңешисиз эле өзүнө кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындап алат.

Бөлүм башчылардын орун басарларын жана секторлордун башчыларын вице-премьерлерге жана аппарат башчыга сунуштоонун кереги жок.  

Мурдагы премьер Феликс Кулов мындай ыйгарым укук мыйзам ченемдүү көрүнүш дейт. Ал Vesti.kg сайтына бул өкмөттүн жеке командасы жана Абылгазиевдин кызыкчылыгы үчүн деп түшүндүрдү.

- Өзүнүкүн деле дайындай берсин, ал Конститьуцияны бузганга жатпайт, -  дейт Кулов. - Акылсыз адамдарды командага топтоп алуу - бул өзү отурган бутакты кыйууга барабар. Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзүнө да  кесипкөй эместерди жумушка луу пайдасыз.

Мурунку премьер өкмөттүн аппараты - бул премьер-министрге жардам берүүчү орган экендигин эскертти. Ошондуктан кадр саясатында АВбылгазиевчелик эч ким күйүп бышпайт.

- Мен премьер-министр өзү каалагандай команда түзүшү керек деп эсептейм, - дейт саясат таануучу Аркадий Гладилов. - Ал өзүнө кадимки эле ишкананын жетекчиси катары дайындап алат. Ошону менен эл катар алардын ишине жоопкерчиликти алат, ошондуктан анын жолун тоспош керек.

Талдоочу министрлердин ар кайсы партиялар тарабынан дайындалышына каршы болуп келгендигин Vesti.kg сайтына айтты.

- Премьер-министр өзү министрлер кабинетин түзүүсү керек. Ошондо гана анын жоопкерчилиги кеңейди деп эсептесек болот. Ошондо гана андан бир нерсени талап кылсак болот, - дейт Гладилов.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх