Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскарбек Шадиевдин депутаттык креслосу кимге өтөөрү белгилүү болду

Анткени менен качкын депутаттын мандатын кийинки талапкерге өткөрүү үчүн БШК Жогорку Кеңештен документ алышы керек

Жогорку Кеңештин качкын депутаты Аскарбек Шадиевдин мандатын алып салышат. Vesti.kg сайтына БШК башчысынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

- Эгерде депутат себепсиз 30 күн жумушка чыкпаса анда, Жогорку Кеңешанын мандатын алып салат, - дейт Абдыжапар Гапырович.  - Эгерде парламенттен сунуш түшсө, БШК Шадиевдин маселесин карайт.

БШК дагы бир мүчөсү Кайрат Осмоналиев Vesti.kg менен болгон маегинде Кыргызстанда ушуга чейин бир да депутат жумушка чыкпай койгондугу үчүн мандатын алдыра элек деди.

- Аскарбек Шадиевдин мандатын алууга мыйзам жол берет, бирок бизде мындай боло элек болчу, - дейт Кайрат Медербекович. Андан да, бир сессияда 30 күн жок болушу керек эле. Жарым жыл ичиндеги калтырылган күн үчүн эле алып салса болот.

Ал Аскарбек Шадиевдин ордун «Бир Болдогу» кийинки орунда турган Эрмамат Тагаев ээлерин да айтты.

КР Адилет Министрлигинин сайтынын маалыматтарына таянсак, Тагаев Эрмамат Султанович ЖЧК «Исфайрам ЛТД» ээлеринин бири болот. Кум жана графий казуу менен алектенет.

Эске салсак, Шадиевге карата КР КК 304 бер. 1, 3, 4 б. жана 346-берененин 1б. 308-беренелер боюнча кылмыш иши козголгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх