Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу: Сапар Исаков туугандарынын аны аяп, өнтөлөшүнө каршы

Нурбек Токтакунов мурунку премьерге карата Викиликс сайтынын эски материалы боюнча дагы бир кылмыш ишин козгогону жаткандыгын билдирди 

УКМК кызматкери Сапар Исаковду жактоочунун кызматынан баш тартпаса Викиликс сайтынын материалы менен дагы бир кылмыш ишин козгойм деп коркутуп шантаж кылууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы премьердин жактоочусу өзү билдирди.

- Кечээ күнү мен коргогон Сапар Исаков, аны 13-июлда саат 11 де УКМК тергөөчүсү Кубаныч Сабыровдун кабинетине алып барышкан, - дейт жактоочу.  - Тергөөчү өзү кетип калган, ал эми өзүн Илим деп тааныштырган УКМК кызматкери жактоочу Токтакуновдун кызматынан баш тартууну сунуштаган. Эгерде макул болбосо,  Викиликс сайтындагы анын аты эскерилген эски материал боюнча дагы бир кылмыш ишин козгоорун айткан. Сапар Исаков бул сунуштан баш тартып, тергөөчү тарабынан болгон бул шантажды ачыкка чыгар деп мага тапшырды.

Токтакунов коомчулукка бул жакта болуп жаткан иш тууралуу маалымдап тураарын, тергөө коррупциялык өңүттө болоорун белгилеп кетти.

- Мен үчүн тергөө иштери маңызсыз жана адаттан тышкары, - дейт ал. - Алар эмне үчүн бул Викиликсти таап чыгышты? Мен бул ишти алып барган тергөөчүлөрдү компетенттүү эмес деп эсептейм. Алардын баары жаш жана тажрыйбасы жоктор. Алар алтурсун экспертиза кылууга чыкккан токтом менен мени тааныштырууну да билишкен эмес. 18-майга экспертиза дайындашкан, мен ал тууралуу эптеп өзүм билдим. Менин болжолумда бул тергөөчүлөргө ишти атайылап тапшырышкан, кийин бардык күнөөнү буарга оодаруу үчүн. Анткени булар аябай эле сабатсыз экен.

Мурдагы премьердин жактоочусу Сапар Исаковдун бул тергөөнүн жүрүшүнө акылы айран болуп жаткандыгын айтат.

- Сапар Исаковдун жакындары аны врачтын кароосунан өт деп зордоп жатышат, аларга анын ден соолугунун кандай экендиги белгилүү да, - дейт Токтакунов. - Бирок менин коргогон адамым эч кандай даттануум жок деди. Ал дайыма өзү тууралуу баары жакшы деп жооп берет. Анда-санда аялы менен жолугуп турат. Кээ бирөөлөр ойлошу мүмкүн, муну менен мени өзүн пиар кылып жатат деп. Бирок мунун Сапар Исаковго эмне кереги бар. Ал үчүн мунун бир тыйын да пайдасы жок.

Бишкек ЖЭБ модернизациясындагы коррупция фактысы боюнча мурунку премьер-министр Сапар Исаковго КР КЖК 303 бер. 1 б.(Коррупция) айыпталып, бөгөт коюу чарасы эч жакка чыгарбоо менен көрүлгөндүгүн эсиңиздерге салабы.
 
Биринчи май райондук сотунун 5-майдагы чечими менен аны УКМК тергөө абагына киргизишкен.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх