Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунун башчысы эмне себептен айылдыктар менен мушташам дегендигин түшүндүргөн жок

Облустук администрациядагылар Туйгунаалы Абдраимовдун колу таптакыр бош эмес дешти

Чүй облусундагы өкмөттүк ыйгарым укуктуу өкүлү соц тармактагы видеодо айткан, Кыргызстандын бир айылындагы фермерлердин кимиси менен болсо да «эркекче чыгып сүйлөшүп коём» деген сөзүнө ушул күнгө чейин комментарий бербей келет.  Vesti.kg сайтынын облустун башчысы менен байланышууга болгон көп жолку аракети текке кетти.

Бир жумадан бери администрациядагылар Абдраимовду бош эмес деп келе жатышат. Өзүбүз кайра чалабыз деп эле алдашат. Жооп болсо мурункудай эле жок. Анткени менен андагылар видеодогу Туйгунаалы Абдраимовдун айткандарын четке кагышкан жок.

Эске салсак, соцтармактардагы пайда болгон видеодо Чүй областынын башчысы Туйгунаалы Абдраимовго окшогон адам айылдык тургундар менен жоолугушуп жаткан. Алардын бирөө «Сиз бул кызматка эмне максат менен келдиңиз?» деген суроо берген. Ага жооп кылып «Сен кимсиң? Прокурорсуңбу?» - деди облус башчысы. Андан соң айылдыктардын кыйкырыктары чыкты. Алардын кыйкырыктарын чиновник төмөнкү фразалар менен токтотуп койду: «Кимиңдин духуң жетет, азыр чыгып, кимиң менен болсо да эркекче сүйлөшүп коём». Зардагылар каткырышты.

- Мен 27 жашымдан премьер-министр болуп иштегем, - деп улантат ыйгарым укуктуу өкүл. - Мен мыйзам бузган болсом, мени Акаев, Бакиев, алтургай өзүмдүн досум Атамбаев камап коймок. Силер мени коркута албайсыңар. Мени убагында Рыспек Акматбаев да коркута алган эмес.  Мен аны келиштире сөккөнмүн.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх