Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Жээнбековго бериле турган кээ бир суроолор белгилүү

Президент жарандык сектордун өкүлдөрү менен жоолугушат

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков эртең жарандык сектордун өкүлдөрү менен жоолугууга ниеттенип жатат. Бул туурасында президенттин аппаратынын маалымат бөлүмү билдирет.

Белгилей кетүчү нерсе, жоолугушууга 30 ашуун мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган. Жоолугушуунун алкагында мамлекеттин ишмердүүлүгүнө тийешелүү мамлекеттик органдар менен жарандык секторлордун пикир алышуулар болот.

Vesti.kg сайтына ошол жоолугушууга чакырылган Рита Карасартова өз оюн билдирди. Ал мамлекет башчы тарабынан көтөрүлгөн бул демилгени колдой тургандыгын билдирди.

- Мен бул жоолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, - деп мойнуна алды ал. Бул жоолугушуу болушу керек эле. Президент жарандык сектор менен жоолугушпай косо болмок беле?  мен бул жоолугушууда президенттин ыйгарым укугу тууралуу бир катар суроолорум бар. Саясий эрки менен мамлекет башчы бардык багытта реформа жүргүзүп салса болот. Биз кеменин жүрүшү президенттен көз каранды болуп жатат дебешибиз үчүн ал ушул кадамга баруусу керек.

Укук коргоочу катары мен УКМКдагы реформанын демилгесин көргүм келет. Бул структурага жашыруун кызматка мүнөздүү эмес тапшырма жүктөлгөн. Эгерде тагыраак айтсак, 2012-жылы түзүлгөн  УКМК ККК тууралуу сөз болуп жатат. Мен ошондо эле айткам, Атамбаевдин бул демилгеси конституцияга каршы келип жатат деп.
Өмүр бою улуттун коопсуздугун коргогон жашыруун орган кантип коррупция менен күрөшөт? Коррупция менен күрөш - ачык жана жоопкерчиликтүү болушу керек. Ошондуктан УКМК реформа кылууда президенттин саясий эрки керек. Коррупциялык иштерди иликтөөнү башка орган алышы керек. Бул жагынан алып караганда бизде дүйнөлүк тажрыйба бар.

Ошону менен бирге эле укук коргоочу аймактарды өнүктүрүү маселесин да көтөрүүнү каалайт.

- Президент бул жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады, мени ушул маселени көтөрүүнү каалайт элем. - Тактап айтканда аймактарды борбордон четтетүү. Бул жерде да президентке саясий эрк керек болот. Бир да аткаруучу бийликтин органы өзүнүн ыйгарым укугун бөлүшкүсү келбейт. Эгерде президент жарыя кылса, биз ушул багытка бет алабыз, ошондо бир пайдалуу нерсе болушу мүмкүн.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх