Депутат Канатбек Исаевди бошотушту
Бишкек шаардык соту коргоочу тараптын өтүнүчүн орундатты
Депутат Канатбек Исаевди үй камагына чыгарышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын бир тууганы Талантбек Исаев билдирди.
- Бишкек шаардык соту биздин өтүнүчүбүздү орундатып, аны камактан чыгарышты, - дейт Талантбек Кедейканович.
Эске салсак, Канатбек Исаев 2017-жылдын 30-сентябрынан бери УКМК тергөө абагында жаткан.
Жогорку Кеңештин депутаты «Кылмышка даярдануу», «Массалык башаламандык уюштуруу» жана «Бийликти басып алуу жана күч менен кармап туруу» беренелери менен айыпталган.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз