Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таалайбек Сарыбашев Оштун мэри болду

Анын талапкерлигине шаардык кеңештин бир гана депутаты каршы болду

Ош облусунун мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү шаардык кеңештин көпчүлүк депутаттарынын добушу менен Оштун мэри болуп шайланды. Бул туурасында Ош шаардык кеңешинин жыйынында белгилүү болду.

Шайлоо жыйынтыгы боюнча түштүк борбордун мэрине 44 депутат макул жана 1 депутат каршы деп добуш беришти.

Белгилей кетсек, бүгүн Оштун мэрин шайлоо болуп, ага жападан жалгыз талапкер Таалабек Сарыбашев болду.
 
Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх