Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүүнүн агасы башпрокуратура ишти созуп жаткандыгын айтат

КР БП канча айдан бери Орусиянын саясий буйрутма кылган адамдын куугунтукталышы тууралуу суроосуна жооп бербей келет

Шектүү Асан-Эмир Абыкуловдун айыпталуу мотиви тууралуу маалыматтарды бербей, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Улан Саляновдун өлүмү тууралуу ишти созуп келет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын агасы Нурлан Абыкулов айтып берди.  

- Менин инимди Москвада кармашкан жана бир нече айдан бери тергөө абагында кармап келишет, - дейт ал. - Ал өзүнүн күнөөсүз экендигин айтып, аны саясий өңүттө куугунтуктап жатышкандыгын билдирет. АсанөЭмир Абыкуловду мекенине экстрадиция кылгандан мурун РФ Башпрокуратурасы бул тууралуу маалыматтарды сурады. Мына эми узак убакыттан бери жооп жок.


«Сизди экстрадиция кылуу үчүн текшерүү убактысы али бүтө элек. Анын үстүнө сиз айткан сөздөргө КР БП жооп да берише элек», - деп айтылат документте.  
Асан-Эмир Абыкулов эки киши өлтүргүчтү жалдап экс-башпрокурордун иниси Улан Саляновду өлтүргөн деп шектелүүдө. Шектенүүгө негиз Абыкуловдордун апасы Чынара Турушбекова менен Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун ортосундагы жер талаш жана киши өлтүргүчтүн көрсөтмөсү болгон.

- Мунун баары калп, - дейт шектүүнүн агасы. - Ал эч качан Улан менен байланыш кылган эмес, аны өлтүрүүгө себеп да жок болчу. Алар биздин жерди тартып алгылары келишкен, Асан-Эмирди күнөөлөп, апабызды каматып коюшту.

Эске салсак, бир жыл мурун Vesti.kg сайтына Нурлан Абыкуловдун Новопавловка айылындагы жер талашы жазылган болчу.

Ал 2008-жылы үй бүлөсү менен чогуу жер алган болчу. Көрсө ал жерге ээлик кылган дагы бир нече адамдар бар экен. Сокулук райондук сотуна, Сокулук РИИБ башчысына, КР БП Индира Жолдубаеванын атына жазган кайрылуулардан пайда чыккан жок.
Абыкуловдун сөзү боюнча жер басып алуучулук боюнча  иштерди 2012-жылы тергөө тобунун жетекчиси Нурлан Сулайманов алектенген. 2013-жылы ошол эле жердин ээлери болуп Дамира Бердалиева, Элнура Алсейитова жана Роза Мүсүралиевалар чыгышты.

Нурландын апасы Чынара Турушбекова Сокулук РИИБ арыз менен кайрылган, шантаж жана аракетсиздик кылгандыктары үчүн даттанган. Андан сырткары ага дайыма коркутуу болуп, камап салабыз деп турушкан.

Абыкуловдун сөзү боюнча жер алдамчылыгына «Ата Мекен» фрациясынын депуттаттары Эсенгул Исаков жана Турат Мадылбековдор тууган-уругу менен катышы бар.

2017-жылы Нурлан Абыкулов ЖК депутаты Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго карата укук коргоо органдарына арыз жазган. Ал 60 га жерге өзүнүн 20 туугандарын жайгаштырып салган.

- Алар өздөрү тууганбыз дешти мага, - дейт ал. Алардын арасында Бакыт Абдыкапаровдун бир тууган эжеси да бар.
Сокулук РИИБ буга көз жумуп койду, ал эми Башпрокуратура болсо алардын иш-аракеттеринен мыйзам бузууну тапкан жок.

Андан соң түндөсү белгисиз бирөөлөр трактор менен фундаменттерди бузуп кеткен экен, аны да Чынара Турушбековадан көрүштү.

-Тратктордун ичинде апам экөөбүздү болгон деп элдин баарын ишендиришти. Күлкүлүү да, кайгылуу да, - дейт эркек.
Анан Улан Саляновдун өлүмүнөн эки ай мурун Асан-Эмир Абыкулов ММК дан экс-башпрокурордун күйөөсү аны  коркуткандыгын билдирген болчу.  

Белгилей кетчү нерсе азыр Абыкуловго карата козголгон кылмыш ишинин андан ары эмне менен бүтүшү белгисиз.

Ольга Федорчук
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх