Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бегалиев бир убакта Чыңгыз Айтматовду алдаган...»

Коллегия Муратбек Бегалиевге жогорку наамды ыйгаруудан баш тартты. Эч кайсы аспапта ойной албаган композитор КР баатыры болбош керек деген ойлор бар

Композитор Муратбек Бегалиевге Кыргыз республикасынын Батыры наамын берүүдөн баш тартышыты. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм Министрлиги билдирет. «Эң жогорку наамды - Кыргыз Республикасынын Баатырын - бир гана Муратбек Бегалиевге бреүү сунушталган. бирок коллегиянын мүчөлөрү колдобой коюшту», - деп билдиришти.  

Маданият Министрлигиндегилер коллегиянын чечимин түшүндүрүшкөн жок, анткени бул жашыруун маалымат дешти Vesti.kg сайтына.

Бирок, музыкант жана маданияттын белгилүү ишмери Курмангазы Азыкбаев  бул туурасында Vesti.kg сайты менен оюн бөлүштү.
- Кечирип койгуле, Бегалиев Баатырлыкка эмне кызмат көрсөтүп жиберди? - деп кызыгат ал. Ал эч кайсы аспапта ойношту билбейт го. Ушул себептен сахнага чыкпайт, анан эле көкүрөк койгулап композтормун, музыкант эмесмин дей берет. Буга кандай карайсыңар? Ар бир композитор биринчи кезекте музыкан болушу керек!

Азыкбаевдин сөзү боюнча Бегалиев музыкада эч качан таланты менен айырмаланган эмес. Андан да ал үчүн дипломдук ишти башкалар акчага жазып беришкен дейт. Ал эми консерваториялар кеңешине болсо жумушчу-дыйкандын үй бүлөсүнөн экендиги өткөнгө жардам берген.

- Музыканы Бегалиев үчүн башкалар жазат, -  деп ишендирет Азыкбаев. - Өзү болсо аранжировкачылар оңдоп, түздөй турган бирдемени араң жазат. Акыркы жалдары, мисалы, эчтеке жазган жок. Бир убакта Бегалиев Чыңгыз Айтматовду алдаган: «мен сиздин чыгармаңызга музыка жаздым», - деп.  Чындыгында аны аранжировкачылар жазган. Ал өзү жалгыз студентке да каршы чыга албайт. Чиновникке окшоп эле чачын боёп алып отурат. Композитордун дагы бир күнөөсү, Азыкбаевдин ою боюнча ал трайбалист. Ал айланасына жалаң гана жердештерин топтоп алган, башка жактыктарды жакын да жолотпойт. Анан дагы консерваторияга жаш адистердин кириши өтө эле кыйын дейт.

- Айланасына бүт жакындарын топтоп алган, - дейт Азыкбаев.

- Консерваторияны болсо жаңылап, техникалаштырып, жаңы агымга жол бериши керек эле. Брежневге окшоп өзүнө жалаң ордендерди топтоп алды. Бегалиевдин окуучулары жок, анткени үйрөтө турган эч нерсеси жок. Шумпайлык.

Музыканттын ою боюнча, Бегалиевдин амири менен кыргыз консерваториясы Казакстандын жана Азербайжандын музыкалык ЖОЖдорунан 20 жыл артта калды.

- Балким уккандырсыңар, ал Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын өзүнүн атына коём деген, - дейт Азыкбаев. Элестеткиле? Молдобасанов кайда, Бегалиев кайда?

Белгилей кетсек, 352 өкүлдүн ичинен 101 маданият ишмерлери мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн.

Токтогул сатылганов атындагы улуттук филармониянын артисти Кутбүбү Мамашева жана акын Гүлсайра Момунова «Курманжан Датка» орденине талапкерлер, режиссёр Ишенбек Сагынбеков жана жазуучу Мелис Абакиров 3-даражадагы Манас орденине талапкерлер. «КР эмгек сиңирген артисти» наамына 20 киши тизмеде бар, алардын арасында ырчы Шахризада Аскарова жана Адиль Чекиловдор бар.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх