Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбековду түшүнбөй калышкан окшойт. Президент эч кимге кызмат сунуштаган жок

Жоолугушуунун катышуучулары мамлекет башчы эмне дегендигин аныкташты

Президент Сооробай Жээнбеков жарандык коом менен жоолугушуу учурунда күтүүсүз жерден ар кандай кызматтарды сунуш кылды. Бул туурасында фейсбук баракчасына жарандык активист Адиль Турдукулов жазып чыкты.

«Рита Карасартовага президенттин аппаратынын бөлүм башчылыгын, Темирлан Ибраимовго кайгуул милициясын реформалоодо комиссиянын башчылыгын, ал эми Равшан Жээнбековго болсо реформа боюнча Улуттук кеңешке чакырды, анткени ал өзү сунуштап жаткан муну түзүүнү. Башталышы абдан жакшы !», - деп жазат Турдукулов. 

Өз кезегинде саясий-укуктук иликтөө борборунун директору тамерлан Ибраимов Vesti.kg сайты менен болгон маекте баары бир аз башкачараак болгон дейт.

- Жоолугушууда мен президентке эксперттик дараметтин колдонулушу тууралуу  сунуш кылдым, ошонун ичинде биздин ишкана да бар, - деп ачыктайт ал. - Президент ГУОБДД реформалоого даяр экендигин жана мени ошол жумушчу топту башкар деп айтты. Бирок бул иш эксперттик мүнөздө болот, мен катышканга даярмын эгерде реформа кылууга мүмкүнчүлүк бар болсо.

Ал эми башка бир укук коргоочу Калича Өмүралиева мамлекет башчы эч кимге кызмат сунуш кылбагандыгын айтат. Ал ошол кызматтар тууралуу ойлогон оюн гана айтты. 

- Чамасы, Сооронбай Жээнбековдун сөзүн анча түшүнбөй калышкан сыяктуу, - деп боолголойт ал Vesti.kg сайты менен болгон маекте. - Рита Карасартова тууралуу сөз болуп жатканда, президент анын аппарат жетекчи болууну каалаганын айтты. Бирок, Сооронбай Шарипович айткандай ага адегенде бир нече жыл бөлүм башчы болуп иштөө керек. Сөздүн мааниси сенин тажрыйбаң жок бул кызматка дегендикке жатат. Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок адам президенттин аппаратын жетектей албайт - бул деген саясий кызмат эмес. Бул деген административдик кызмат.  Президент ага кызмат сунуштаган жок ага, анткени ага укугу жок болчу.

Эске сала кетели, кечээ Сооробай Жээнбеков жарандык сектордун өкүлдөрү менен жоолугушуу кылды. Жоолугушууга 40 өкмөттүк эмес уюмдун  өкүлдөрү жана активисттери келишти.  

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх