Депутат Осмонбек Артыкбаевди ооруканадан УКМК тергөө абагына которушту
Эл өкүлүнө Улуттук кардиология бөлүмүндө операция жасашты
Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталган депутат Осмонбек Артыкбаев УКМК тергөө абагына ооруканадан которулду. Бул туурасында улуттук коопсуздук комитетинин пресс-кызматы Vesti.kg сайтына билдирди.
- Жасалган операциядан кийин анын ден соолугу канааттандыраарлык,- дейт коопсуздук комитетиндегилер.
Осмонбек Артыкбаев Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарылангандыгын эске салабыз.
Депутатка карата 303 берененин 1 б. менен кылмыш иши козголгон(Коррупция).
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Окшош макалалар
- «Манас» бажысы 6 тоннадан ашык апийим куурайы баңги затын ташып келүү аракетине бөгөт койду
- УКМК: “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды
- УКМК: Кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери кармалды
- УКМК: Салык кызматынын кызматкери ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча кармалды
- УКМК: Талас электр тармактар ишканасында туруктуу коррупциялык схема аныкталды