Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП: Раим - миллион боюнча чечим - бул өч алуу

«Элдер бюджеттик структураларда ушуга окшогондор иштейт деп ойлоп калышты»

Биринчи май райондук сотунун Бажы кызматынын башчысынын орун басарлык кызматына Раимбек Матраимовду кайра келтирүү чечиминКСДП саясий партиясы «анын достору тарабынан өч алуусу» деп аташты.

«Иш жүзүндө бул «Раим-миллиондун» достору тарабынан өч алуу», - деп Атамбаевдин сөзүнөн цитата келтиришти.  

Партиялык бирикменин билдирүүсүндө белгиленгендей, 2018-жылдын 6-июнунда билдирген саясий кайрылуудагы айткандарыма бул болуп жаткан окуялар күбө болуп жатат.:

Мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу (Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматов) - бул "Раим-миллиондун" достору тарабынан өч алуу. Ал иштен бошогондон кийин бажы төлөмдөрү кескин түрдө жогорулаган, - деген Атамбаев.

Мурунку мамлекет башчынын сөзүнө караганда, Матраимов кайра кызматына келсе да, келбесе да бюджетти түзүүчү структураларда ошого окшогон адамдар иштей берет өлкөдө.

Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго берген кеңештери жана 2018-жылы 31-марттагы билдирүүсү таасир эткен жок.

«Саясий оппонеттерден арылуу, коррупцияга жамынган күрөш бийликке аброй алып келбейт», - дейт экс-президент.

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайтына Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раимбек Матраимовду кызматын кайра калыбына келтирүү чечимин чыгаргандыгын маалымдашкан.

Матраимовду премьер-министр Сапар Исаковдун чечими менен кызматтан алышкан. Ал өкмөттү сотко берди.


Пресс-служба СДПК
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх