Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юрист: Раим Матраимов тууралуу чечим жакшы жөрөлгө эмес

«Эми баары премьер жана президент менен соттошо башташат»

Раимбек Матраимовдун кызматын калыбына келтирүү, акыры түбү жакшылык алып келбей турган жөрөлгө. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын сөзү боюнча, акыл-эси бар чиновник, саясий кызматтагы адам, деги эле башкармалыктын начальниктери өкмөт менен соттошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек эмес.

- Бир жагынан алып карганда, Матраимовдун жактоочусунун позициясы боюнча бир гана саясий кызматтагылар сотто каршылык көрсөтө алышпайт, - дейт Осмоналиев. - Ал эми башка жагынан алып караганда , соттук практика жагынан алып караганда таптакыр туура эмес. Эми бардык чоң кызматтан куулгандар ушинте беришет.  Ооба , бул кызмат формалдуу түрдө саясий деп эсептелбейт, бирок биз мунун андай эмес экендигин баарыбыз билебиз да.

Ал эми дагы бир атын атагысы келбеген юрист ою боюнча башкача болушу керек экен.

- Мурда Эмгек кодексинин 427-беренеси шайланган жана дайындалган кызматтагылар өкмөт менен соттошо алчу эмес. Азыр болсо саясий кызматтагылар гана соттошо албайт, - деп белгиледи ал. -Бажы кызматынын башчысынын орун басарлыгы бул норма боюнча саясий кызмат болуп эсептелбейт. бул учурда соттун чечими туура болуп калат.

Бирок башка жагын алып карасак, эми бардык эле чиновниктер өкмөт жана президент менен соттошуп жатып калат, - деп ой жүгүртөт талдоочу. Мааниси боюнча - премьер дайындаган кызмат саясий болуп эсептелет.

- Сен мамлекеттик кызматка конкурс аркылуу өтсөң гана өкмөт сенин эмгек укугуңду коргоого кепил болот, - деп улантат юрист. Анда бул факт боюнча административдик кызмат.

Бирок азыркы учурда дал келбөөчүлүк болуп жатат. Муну кайра кароо зарыл: Анткени Сапар Исаков кызматка алып жана койгон биринчи же акыркы премьер-министр эмес да. Абылгазиев да ушундай көйгөйгө дуушар болуп калышы мүмкүн.

Эске сала кетели, бүгүн Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовду кызматына кайра коюу тууралуу чечим чыгарды.

Мурда анын жактоочусу сотто Матраимовду мыйзамсыз кызматтан алды деп билдирген эле. Эмгек кодекси боюнча бул кызмат саясий эмес, мамлекеттик - административдик болуп саналат.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх