Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Раимбек Матраимовду кайра кызматка коюшат

Жактоочусу Матраимовдун кайда экендигин айтты

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов кайрадан кызматка келиши керек. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун соту Алмаз Калыбаев кабыл алды. Бул туурасында Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская билдирди.

Анын айтымында, анын коргоп жаткан адамынын кызмат ордун толугу менен калыбына келтирүүгө али эрте.

- Эми соттун чечими аткарылышы керек же нааразычылык билдирилиши керек, - деп белгилейт юрист.

Андан сырткары жактоочу Раимбек Матраимовдун жүргөн жерин айтты.

- Мен анын артынан ээрчип жүрбөйм, - деди ал. - Бирок менин билишимче ал азыр шаарда турат.

Эске сала кетели, Бажы кызматныны төрагасынын мурунку орун басары премьер-министр Сапар Исаковдун чечими менен кызматтан бошотулган. Бул чечимге макул болбогон Матраимов кызматын кайра калыбына келтирүү талабы менен өкмөттү сотко берген.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх