Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Биздин өлкөдө журналисттик иликтөөгө мүмкүн эмес»

Талдоочулар өткөөл мезгилдин мурдагы президентинин журналисттик иликтөө фондун түзүү тууралуу сунушун ишке ашпайт дешет

Иликтөөчү журналистика фондун түзүү жакшы нерсе дечи, бирок анын иш жүзүндө жыйынтыгы жок болот. Мындай оюн Vesti.kg сайтына сайсий талдоочу Дмитрий Орлов бөлүштү.

Өткөөл мезгилдин экс-президенти Роза Отунбаева иликтөөчү журналистик фондун түзүүнү сунуш кылды. Бул туурасында жергиликтүү ММК билдиришти.

«Иликтөө журналистикасын өнүктүрүүмезгили келип жетти, - деп билдирди ал. - Коррупция менен күрөшүүдө бул өтө маанилүү. Ушул себептен мен иликтөө журналистикасынын фондун түзүүнү сунуштайм. Бул акча чогулта турган гана чөнтөк эмес, бийликтин иш-ракеттерин четтен карап турбастан ага жардам беребиз».

Биринчи миллион сомдук кошумчаны Роза Отунбаева өзү кошту.

- Биздин өлкөдө иликтөө журналистикасын түзүү мүмкүн эмес, анткени жарандык коом өнүгө элек, - дейт Орлов. - Фонд түзүү идеясында кеп жок. Бирок бала болуп, башыма жүн чыкканы мындайды көрө элек болчумун.

Канча жолу журналисттердин профсоюзун түзөбүз деп эмгегибиз талаага кеткен.

Талдоочунун сөзү боюнча, журналисттин иши ал иштеген басылмадан көз каранды.
Кыргызстандын ММКсы - бул редакциянын кожоюндарынын ортосундагы кат алышуу эле.

- Албетте, журналист иш жакпаса кетип калышы деле мүмкүн ал жерден, бирок башка иш таап орношушу өтө кыйын болот. Ошондуктан эмнени беришсе, ошону жаза берет, - дейт Дмитрий Орлов. - Бизде ушундай кейиштүү көрүнүштөр бар. Канткен күндө да, бир журналист чыгышы керек да мындай болбош керек деген.

КРСУ профессору Александр Кацев өз кезегинде, иликтөөчү журналист ишинин коркунучтуулугун сезиши керек экендигин белгилей кетти.

- Ар бир бийликтин адамы журналист аны мактоосун жана анын каршылашын каралоону каалайт, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маекте. - Ким буга макул эмес болсо аны кыса баштайт. Кесипти тандаардан мурун жакшылап ойлонуш керек.

Анткени менен Кацев ар бир сөздү далили менен сүйлөө керектигин белгилеп өттү.

- Тилекке каршы көптөгөн биздин мурунку саясатчыларыбыз иликтөө жүргүзүүгө чакырышат, бирок өздөрү эч кандай документ, фактыларды беришпейт, - дейт профессор. - Ал эми журналисттерди көчөдө өлтүрүп кетишет. Бийликтин иликтөө журналистикасына болгон маилеси ушундай.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх