Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин мэрлигине талапкер адам шаардык кеңештин депутаттарын ресторанга чакырдыбы?

Соцтармактарда Азиз Суракматов депутаттар үчүн көңүл ачуу иш чарасын уюштурду деген маалыматтар пайда болду

Бишкек мэрлигине талапкерлердин бири Азиз Суракматов шаардык кеңештин депутаттарын ресторанга чакырды. Мындай маалыматтарды соцтармактарда таркатып жатышат.

«Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов шаардык кеңештин депутаттарын чайга  сатып алгысы келет. Кантип эле ал аларды ошончолук арзан баалайт?», - деп жазат фейсбук колдонуучулардын бири.  

Айтор, депутаттар бул ушактарды азырынча четке кагып жатышат. КСДП фракциясынын өкүлү Эрнис Докенов Vesti.kg сайтына бул тууралуу биринчи жолу угуп жатам деди.

- Суракматовдун талапкерлигин биринчи жолу угуп жатам, - дейт ал. -Ооба бул тууралуу ММК жазып жатышат, бирок бул азырынча ушак сөздөр гана. Анын үстүнө Мелис турганбаев, Темир Сариевдер тууралуу деле жазып жатышпайбы. Бир да акыл-эси ордунда саясатчы буга барбайт деп ойлойм.

«Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Гүлнара Молдобаевага Vesti.kg сайты комментарий үчүн кайрылганда бул тууралуу билбей тургандыгын айтты.  

- Чакыруу кат алмак турсун, уккан да жокмун, - деп кыска гана жооп берди эл өкүлү. - Мен ММКдан анын талапкер экендигин жакында эле билдим.

Ал ортодо, шаар кеңешинин бир атын атагысы келбеген депутаты Vesti.kg сайтына мындай болушу толук мүмкүн деди.

- Ресторан тууралуу укканым жок, бирок болушу мүмкүн, ал жакка депутаттардан кимдир бирөөнү чакырат, - деп белгиледи эл өкүлү. - Анткени менен Суракматов шаар башчылыгына бирден бир талапкер экендиги баарыга белгилүү болуп калды. Экинчи жагынан алсак, «жогору жак» маулдук берсе гана болот да.

ММК берген маалымат боюнча, Суракматов КСДП фракциясынан ЖК депутаттыгына талакер. Ал камалып калган Осмонбек Артыкбаевдин ордун ээлеп калшы да мүмкүн.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх