Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэрлигине талапкерлерди каттай башташты

Боло турган шаар башчы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда жетекчи болуп 5 жылдан кем эмес иштеген болушу керек

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек мэрлигине талапкерлердин документтерин кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Боршайкомдогулар тактап айтышты.

Талапкерлигин койгонго Бишкек шаар кеңешинин фракциялары жана КР премьер-министри акылуу экендигин билдиришет.

Андан сырткары, тил комиссиясынын талабы менен мамлекеттик тилде эркин сүйлөөсү керек.

- Бишкек мэри болуп, Кыргызстандын жогорку билимдүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жетекчи болуп 5 жылдан кем эмес иштеген жана мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн жараны шайлана алат, - деп түшүндүрдү БШК. -Талапкерлер катталуу үчүн 2018-жылдын 31-июлунан кечикпей документтерин алып келиши керек.

Эске сала кетели, үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда бишкек шаар кеңеши мэр Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Андан соң премьер-министр аны кызматтан алды.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх