Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЕАЭБке киргенден тартып, өлкөдө көптөгөн ишканаларды банкрот толкуну каптады

«Биз, эмгек мигранттары - Кыргызстандын жаңы экономикасынын инвесторлору» аталышында тегерек стол өткөрдүк

«Замандаш»  сайсий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов  Vesti.kg сайтына өзүнүн өлкө экономикасы, мигранттар тагдыры жана ЕАЭБ алкагындагы Кыргызстандын атаандаштыкка туруштук берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу омоктуу ойлорун айтты.

«Замандаш» партиясы эмгек мигранттар менен бирдикте тегерек стол өткөрүшүп, акырында өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу чукул чечимдерди кабыл алышын өтүнүшүп кайрылуу жасашкан. Анын маңызы төмөндөгүчө:

Урматтуу Мухамметкалый Дуйшекеевич!

Сизге маалым болгондой, биздин эмгек мигранттар - инвесторлордун, парламент өкүлдөрүнүн, өкмөт мүчөлөрүнүн жана эксперттердин катышуусунда “Биздин эмгек мигранттарыбыз - Кыргызстандын жаңы экономикасынын инвесторлору” аталышында тегерек стол өткөрдүк.

   

Иш-чаранын жүрүшүндө өкмөткө жаңы ачылган ишканаларды 5 жылдык мөөнөткө салыктардан бошотуу менен 3 жылга фискалдык текшерүүлөрдөн арылтуу жөнүндөгү чечимдерди кабыл алууну тездетүү сунушу менен кайрылганбыз.

Жакында Өзбекстан Республикасынын Президенти ишкерлерди 5 жылдык мөөнөткө бардык салыктардан бошотуу жөнүндөгү жарлыгына кол койду. Казакстанда кошумча нарктын салыгын толугу менен жоюу жагы каралууда. Грузияда салыктар 3 эсеге кыскартылган. Натыйжада, мамлекеттик бюджет 4 эсеге өскөн. Бул көрүнүш өлкөнү өнүгүүгө өбөлгө түзгөн чоң факторлордун бири.

ЕАЭБке кирүү чечими кабыл алынып жаткан учурда, Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ири компанияларына биздин кичи жана орто бизнес  атаандаштык кыла албастыгы айтылып келген. Ага жооп катары, ата-мекендик өндүрүшчүлөрдүн жоготууларына өкмөт тараптан финансылык колдоо көрсөтүүлөрү белгиленген.

Айтылган компенсациялар кайда? ЕАЭБдин алкагында кичи жана орто бизнести колдоого багытталган каражаттар, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу олигархтардын кызыкчылыгына иштеген кезектеги жеке банкка айланды.
 
Биздин кичи жана орто бизнес өз алдынча эл аралык ири корпорацияларга туруштук берүү аракетинде. ЕАЭБке киргенден тартып, өлкөдө көптөгөн ишканаларды банкрот толкуну каптады.
    
Өзгөчө кырдаал – өзгөчө жана ыкчам чечимдерди талап кылат!

Биздин сунуш:

Айтылган убадаларды аткаруу, жаңы ачылган ишканаларды 5 жылдык мөөнөткө салыктардан бошотуу менен 3 жылга фискалдык текшерүүлөрдөн арылтуу жөнүндөгү чечимди кабыл алууну тездетүү керек.
 
«Замандаш»  саясий партиясы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх