Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэрликке расмий түрдө талапкер чыгарышты

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты: Бишкектин мэрлигине талапкер борбордун өнүгүшүнө өз салымын кошууну каалайт

ШК коалициялык көпчүлүгү бишкек шаарынын мэрлигине Азиз Суракматовду талапкер кылып чыгарышты. Мындай чечимди бүгүн 27 депутат катышкан фракциялык кеңешмеде кабыл алышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына көпчүлүк коалиция лидери Таалайбек Сагынов айтып берди.

- Жыйын азыр эле бүттү. депутаттар талапкерди чыгарышты. 8-августта, менин оюмча ал конкреттүү программа менен чыгат, - деди Сагынов.

Коалициялык көпчүлүктүн лидеринин айтуусунда Азиз Суракматов депутаттар менен жакында эле таанышкан. Таалайбек Сагынов Vesti.kg сайты менен маектешкенде, талапкер шаар көйгөйүн жакшы билээрин айтты.
 
- Мен аны менен жакында эле тааныштым, ал шаардын өнүгүүсүнө салым кошкум келет деди, - дейт депутат. - Шаар көйгөйүн жакшы билет, мурда шаар кеңешинин депутаты жана спикер болуп иштеген.

Эске салып коёлу, Бишкек шаарынын мэрин 8-августта шайлашат. Бүгүнкү күндө шаар башчылыгына Суракматов жападан жалгыз талапкер.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх