Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Атамбаевсиз КСДП» чакырыгы астындагы дагы бир партиялык конференция

Партиялык бирикменин мурдагы мүчөсүнүн айтымында, бул идеяны Чаткал, Каракол жана алтургай эмгек мигранттары да колдоп жатышат

КСДП партиялык ячейканын конференциясы Чүй облусунун Сокулук районунда «Атамбаевсиз КСДП» чакыргы менен өттү.  Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облусунун мурдагы башчысы жана КСДП мурунку мүчөсү Сагынбек Абдрахманов билдирди.

- КСДП  улуу мүчөлөрү бул съездде партияны тазалоо керек деген чечимге келишти, - дейт ал. - Мурда Москва районунда болгон конференциядагы чечимди бул ирет да колдошту. Делегаттар буга кошумча сунуш менен толукташты.



Бул көрүнүш республиканын бардык аймактарынан күтүүсүздөн чыгып жатат.

- Бизге Каракол, Чаткал, кара-Суу жана Токтогулдан  конференция өткөрүүгө уруксат сурап кайрылып жатышат, - деп улантат Абдрахманов. - Андан сырткары Орусиядан мигранттарыбыз да буга окшогон иш-чара өткөрүү сунушун киргизип атышат.

«Социал-демократтардын» расмий өкүлү бул иш-чараны легитимдүү эмес деп атады.  

«Кыргызстандын социал-демократтар партиясы бүгүнкү күндө кыйын жана өтө маанилүү болгон тазалануу этабын башынан кечирип жатат. КСДП партиясына жеке жыргалчылыгын көздөп келген адамдар азыр кезексиз съезд өткөрүү тууралуу жалган маалыматтарды таркатып жатат», - деп билдирди КСДП.  

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх