Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын аймагында жаңы ачылган ишканаларды 5 жылдык мөөнөткө салыктардан бошотуу демилгесин эксперттер колдошот

Жарандарыбыздын өлкөгө кайтып келип, иш оорду менен камсыз болушуна өбөлгө болмок

«Замандаш» саясий партиясы Кыргыз Респбликасынын Өкмөтүнө жана Премьер-министр Абылгазиев Мухамметкалый Дүйшекеевичке кайрылуу жолдошту. Кайрылууда Кыргызстандын аймагында жаңы ачылган ишканаларды 5 жылдык мөөнөткө салыктардан бошотуу менен 3 жылга фискалдык текшерүүлөрдөн арылтуу жөнүндөгү чечимдерди кабыл алууну тездетүү сунушу айтылган. Бул тууралуу, Кыргызстандагы ишкерлер жана эксперттер Vesti.kg сайтына ойлорун бөлүштү.

«Кут Консалт» Коомдук Фондунун мүдүрү Акимбек Бектеналиев Vesti.kg сайтына бул демилге туурасында өз оюн билдирди.

- Мен бул көтөрүлүп жаткан демилгени толугу менен колдойм. Жаңы ачылып жаткан ишканаларга сөзсүз түрдө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүшү керек. Биздин Фонд Кыргызстандагы ишкерлер менен түздөн түз иш алып баргандыктан, жаңыдан ачылып жаткан  ишканалардын көптөгөн кыйынчылыктарды кабылгандарына күбө болобуз. Салык инспекциясы бир жагынан, өрт өчүрүү кызматы экинчи жагынан... Ошондуктан көтөрүлуп жаткан демилегини толугу менен колдойм .
 
«Аракет»  Ата-мекендик өндүрүшчүлөр  Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев да төмөнкүдөй оюн  Vesti.kg сайтына айтты:

«Негизинен бул демилгени туура деп ойлойм. Биздин ата-мекендик өндүрүшчүлөр ассоцациасы толук колдойт. Абдан туура, убагында айтылган.  Коңшу мамлекеттердин баары түшүнүп келе жатат, ишкерлерди колдобосо өлкө өнүкпөйт. Биздин чет жакта эмгектенип жаткан мигранттарды  (инвестролорду) салыктардан бошоту менен колдоп кетсек , өлкөбүзгө кайтып келишет, жаңы ишканалар курулат. Эгер ишканалар курулса жумуш оорундары көбөйүп биздин экономикага чоң салым болот. Жаңы өнүмдөр өндүрүлөт. Өкмөт колдоп берсе, өлкөдө жетишкендик болот. Жеке эле экономика эмес башка жагынан да жетишкендиктер болот. Баардык сыртта эмгектенген мекендештер өлкөбүзгө кайтып келип, чек ара көйгөйлөрүнө да, коомчулуктун коопсуздугуна да оң таасирин бермек».

Өз кезегинде, «Спартак» компаниясынын жетекчиси Бакыт Мамытканов бул көтөрүлгөн демилгеге макул экендигин Vesti.kg сайтына билдирди.

- Жаңы ачылган кичи жана орто бизнес өкүлдөрүн салыктан бошотуу жөнүндөгү демилге ишке ашып калса абдан туура кадам болмок жана ИДПга чоң жетишкендик алып келмек. Чынында  жаңыдан иш кылайын деп жаткан жаранга, салык кызматы аябай тоскоол болот. Бизге билинбегени менен, көзгө көрүнбөгөн салыктар абдан көп, иш жүргүзүүгө тоскоолдуктар менен кыйынчылыктарды жаратат. Бул жакта эч кандай  мотивация берүү каралган эмес, тескеринчеси акча жыйноо менен ишкерлердин эсебинен пайда табуу. Негизинен, салык чогултуу шылтоосу өзү жемкорлукка жол ачат. Көтөрүлуп жаткан  демилгени өкмөт колдоп берсе, коррупцияга да жол ачылмак эмес, жаңы ачылган кичи жана орто бизнес өкүлдөрү буттарына  туруп, чоң ишкерге айланмак. Жыйынтыгында жаңы  ишканалар менен жаңы иш орундары түзүлүп, чет мамлекеттерде эмгектенген жарандарыбыз өлкөгө кайтып келип, иш оорду менен камсыз болгонго өбөлгө болмок.

Шамил Жалилов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх