Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мен эмнеге КСДПнын Атамбаевсиз болушуна макулмун»

Новопавловка айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы президенттин аппарат башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновду рейдерлик басып алууга күнөөлөдү

КСДП мүчөсү жана Новопавловка айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Эрнис Нусупов президенттин аппаратынын башчысынын мурдагы орун басарын рейдерлик басып алуу боюнча айыптайт. ошонун айынан Нусупов камалган. Бул туурасында ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

Айыл өкмөтүнүн мурунку башчысынын сөзүнө караганда ал 11 гектар жерди басып алган.

- Мен Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандан кийин, мени Икрамжан Илмиянов өзүнө чакырды, - деп аңгемесин баштады Нусупов.  - Ал мага 11 гектер жер тап деди. Мен баш тарттым. Эч кандай жардам бере албастыгымды айттым. Мен эч нерседен камсанабай жумушка чыктым, мен үчүн маселе ушинтип жарала баштады.

Адегенде Башпрокуратурадан чалышты, анан текшерүү келди. Кеңсени тинтишип, андан соң дароо ИВСке отургузушту.

- Бирок райондук кеңештин өтүнүчү менен мен аларга керектүү нерсени бердим, - деп ачыктады ал. - Анан мени бошотушту, кетээримди оозумду жаап шүк отурушумду эскертишти.

Бирок бир канча убакыт өткөн соңНовопавловканын тургундары митингге чыгышты. Алардын талаптары рейдерлик басып алууну токтотуу болчу, жетекчиси прокуратура кызматкери Нурлан сулейманов экен.

- Ушундан соң бизге келип бухгалтерияны жабышты, биз сага айттык эле го дешти, - дейт Нусупов. - Кыскасы алар мени бухгалтерге жамандатып, кайрадан камашты. ананЧүй облустук сотунда бөгөт коюу чарасы кайра каралып, элдер мени сот залынан сууруп чыгышты. Эки күндөн кийин ГСИНден кишилер келишти.  Ал учурда ГСИНдин башчысы Зарылбек Рысалиев болчу. Ал мага: «Эл сени колдоп атса, демек сенин ишиңде бир туура эмес нерсе бар», - деп айтты. Бирок акырында мага жардам берди. Кыскасы мени шарттуу түрдө 3 жылга кесишти.

Мурунку айыл өкмөтүнүн башчысы акыйкаттыкты сурайт: ошондон бери ал депутаттарга, президентке кайрылган, бирок эч кандай реакция болгон эмес.

- Мен бир гана нерсени өтүнөт элем, менин ишимди таза, акыйкат карап беришсин, - дейт ал кайрадан.  - Ал иш 90% жалаадан турат да. Мен КСДПнын мүчөсү катары Атамбаевге ишенгем жана революциядан кийин баары жакшы болот деп ойлогом. Бирок акырында баары мурунку бойдон калды. Ошондуктан мен КСДПнын Сокулук райондук сьездине катыштым жана «КСДП Атамбаевсиз» деген чакырыкка макулмун.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх