Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ахматбек Келдибеков: Коррупция тууралуу Атамбаев үндөбөй эле койсо болмок

Экс-спикер Ахматбек Келдибеков Райымбек Матраимовго карата чыккан соттун чечими тууралуу айтты

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовго карата чыккан чечими тууралуу Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү негизсиз. Бул тууралуу пикирин Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков билдирди.

Саясатчынын сөзү боюнча, ал көптөгөн юристтер менен кеңешип көргөн, алардын баары тең Матраимовдун мыйзамсыз кызматтан алынгандыгын айтышкан.

- Алардын айтымында, биринчиден, мыйзам бузулган, анткени премьер-министр мыйзамга ылайык административдик кызматта турган адамды иштен ала албайт, - деди ал. - Экинчиден, бул чечимге негиз боло турган комиссия түзүлгөн эмес. Анан эң негизгиси, анын сөзү боюнча Сапар Исаков матраимовду кызматтан алгандыгын Атамбаев да мойнуна алып жатат. Демек сот чынында эле туура чечим кабыл алган.

Ошону менен бирге, экс-спикер Келдибеков туура эмес чечим чыгаруучу соттук системаны кудум ошол Атамбаев түзгөндүгүн белгилеп кетти.

- Эгерде Алмазбек Шаршеновичтин эсинен чыгып калган болсо, анда эсине салып коёлу. Саясий камактагылардын баары УКМК, башпрокуратура жана сотторго берген анын тикелей көрсөтмөсү менен соттолушкан, - деп улантат Келдибеков. - А эмне бул соттук чечимдерди өч алуу десе болбойбу? Ошондуктан бүгүнкү соттук чечимдер тууралуу сүйлөөгө Атамбаевдин моралдык укугу жок.

Андан сырткары, Райымбек Матраимовду коррупциянын символу деп атаган Атамбаевди,  эки жүздүүлүктүн туу чокусу деп атады.

- Ал коррупция тууралуу ооз ачпай эле койсо болмок, - деп улантат ал. - Дача-Суу, Лиглас, Датка-Кемин, Ош-Бишкек альтернативалуу жолу, тарых музейи жана Бишкек ЖЭБ сыяктуу долбоорлордогу космостук масштабдагы уурулуктардын өзү эле аны айтып турат.  Бул жерде «Өзүнүн кашындагы көөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы төөнү көрөт» деген макал туура келет ага.  Убагында Атамбаев бажы төлөмдөрүнүн суммасы Матраимовдун аркасы менен көбөйдү деп айткан. Эми болсо анын кызматын ордуна келтирүүнү өч алуу деп атат. Мындан улам Атамбаев дагы эле бажыдагы коррупциялык схеманы көзөмөлдөйбү деген ой пайда болот. Бирок жаңы президент ага жол бербешине ишенебиз.

Бакыт Стамов
Сүрөт www
 
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх