Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку сот Кубанычбек Кулматовду камакта калтырды

Бажы кызматынын мурдагы башчысынын жактоочусу: «Сот бийлигине ишеним кетти»

Жогорку сот бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун бөгөт коюу чарасы тууралуу биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Юристтин айтымында, соттор  Кулматовдун тергөө бүткүчө камакта калуу токтомун чыгарышты.

- Бүгүн Жогорку соттун коллегиясы өзүнүн чечими менен соттун кадырын кетирди, анткени алар Кулматовдун арызын канааттандырышкан жок, - деди Слесарев. - Ошону менен сот кайрылууда сүрөттөлгөн бир да кырдаалды эске алган жок. Жыйынтыгында ЖС мурунку инстанциянын катачылыгын эске албай өзү да мыйзамды бузду.

Бул учурду мен сот бийлигинин деңгээлинин төмөндөшү деп баалайм.

Эске салсак, УКМК МТБ 18-майда Кубанычбек Кулматовго КР КК 303 беренеси 1б. (Коррупция) негизинде Башпрокуратура кылмыш ишин козгогон.  Бөгөт коюу чарасы 28-августка чейин камакка алуу менен көрүлгөн эле.

14-июнда Бишкектин мурунку мэрине карата 350-берене 2 б.(Жасалма документ, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөр, штамп, бланктарды жасоо) менен кылмыш иши козголгон жана ошондой эле 346-берене 1б. менен да (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) кылмыш иши козголгон.

Бакыт Стамов
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх