Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтү узарышы мүмкүн

Мурунку премьер-министрдин бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч бүгүн Биринчи май райондук сотунда каралат

Биринчи май райондук соту Сапар Исаковдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү крайт. Сот отуруму бүгүн саат 16:00 болот. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДП пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, айыптоочу тарап Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууну суранат.

Эске сала кетсек, мурда Жогорку сот экс-премьер-министр Сапар Исаковдун ушул жылдын 5-августуна чейин камакта калуу тууралуу биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

2018-жылдын 29-майында Бишкек ЖЭБ модернизациясындагы коррупция фактысы боюнча мурунку премьер-министр Сапар Исаковго КР КЖК 303 берене 1 б. менен кылмыш иши козголгон.

5-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктагыча УКМК тергөө абагына киргизилген.

13-июнда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх