Бишкек мэрлигине жападан жалгыз талапкер мамлекеттик тилден экзамен берди
- жолу 1053 кароо
Комиссия Азиз Суракматовду кыргыз тилин толук билет деп токтом кылды
Борбор калаанын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов мамлекеттик тилди билүү боюнча сыноодон өттү.
Тестирлөө үч этаптан өттү: шайлоо алдындагы программасын сүрөттөп берүү, көркөм чыгармаларды окуу жана ооз эки айтып берүү.
Экзамендин жыйынтыгында комиссия Азиз Суракматовду кыргыз тилин билет деп бүтүм кылды.
Эске салсак, мэрликке шайлоо үстүбүздөгү жылдын 8-августунда өтөт.
Суракматовдун талапкерлигин шаар кеңешинин коалициялык көпчүлүгү койду. Ал азыр шаар башчылыгына жалгыз гана талапкер болуп саналат.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Загрузка...