Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Суракматов кыргыз тили боюнча экзаменде кандай каталарды кетирди? (сүрөт)

Бишкек мэрлигине талапкер сүрөттөп жазуудан 5 жолу одоно ката кетирди

Борбор калаанын мэр кызматына талапкер Азиз Суракматов кыргыз тилин билүү боюнча экзамен тапшырды. Тестирлөө учурунда Суракматов өзүнүн шайлоо алдындагы программасын кыргыз тилинде сүрөттөп жазып, 5 одоно ката кетирди.

Ал жазгандарынын сүрөттөрүн  Super.kg. маалымат сайтында элге шардана кылышты.  

 «транспорт маселе боюнча». Бул жерде туурасы - «транспорт маселеси боюнча»;
«46 миң бак-дарактарды жана 15 миң бадалдарды орургуруш аракет кылабыз». Туурасы - «46 миң бак-дарак жана 15 миң бадал отургузууга аракет кылабыз»;
«шаардын» дегендин ордуна «шардын»;
«ал системалар коопзус алып келет», ал эми туурасы - «ал системалар коопсуздук алып келет»;
«Бишкек шаардын эскиз таштан полигонду жаап, жаңы эль аралы жакшы жаңы таштан полигон ачуу». Туурасы - «Бишкек шаарынын эски таштанды полигонун жаап, жаңы эл аралык жакшы, жаңы таштан полигон ачуу».

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы Азиз Суракматовдун талапкерлигин бир добуштан тандап алышты. Шаар башчылыкка шайлоо 8-августта болот.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх