Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдун депутаттары өздөрүнүн мэрине нааразы

Эл өкүлдөрү көпчүлүк добуш менен өздөрүнүн шаар башчысына нааразычылык билдиришти

Каракол шаар кеңеши Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиевге нааразычылык билдиришти. Бул тууралу Vesti.kg сайтына шаар кеңешинин депутаттарынын бири билдирди.

Анын айтымында, буга каржынын максатсыз пайдаланылышы себеп болгон.

- Азырынча мэрдин бир курулуш компаниясына берген 25 млн. сому тууралуу айта алам, ал бир жолдун курулушуна бөлүнгөн каражат эле. жолду болсо сапатсыз кылып салышты, - дейт депутат. - Толугураак кийин айтып берем. Ушул себеп менен күн тартибинде ишенбөөчүлүк көрсөттүк.

Жыйынтыгында анын кетишине 31 депутаттын 30 макул болушту. Добуш берүүнүн жыйынтыгшын акыркы чечим чыгарууга премьер-министрге жөнөттүк.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх