Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу эмнеге депутаттын камактагы мөөнөтүн узартышкандыгын айтып берди

Эл өкүлүнүн жакточусу райсоттун чечимине арызданууну көздөп турат

ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаевдин камакта калуу мөөнөтүн 2018-жылдын 5-октябрына чейин узартышты. Чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Бул туурасында Vesti.kg сайтына камактагы депутаттын жактоочусу Айжан Орозакунова айтып берди.

- Артыкбаевдин камакта калуу мөөнөтүн тергөө иштери 13-октябрга чейин созулгандыгына байланыштуу узартышты. Бирок биз бул райсоттун чечимине арызданганы жатабыз, - деп түшүндүрдү Орозакунова.

Эске салсак, депутатка 303 берененин 1 б. (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх