Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Уюлдук телефондор аркылуу өкмөт казынаны толтурууга аракет жасап жатат»

Талдоочунун пикири боюнча, премьер-министр бюджеттик таңсыкты жойгусу келет

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жарандарды уюлдук телефондорун каттатуу сунушу көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты. Мындай жол менен министрлер кабинетинин башчысы калктын капчыгын кагууну көздөп жатат деген божомолдор да чыкты.

Абылгазиевди Сергей Мавродиге да салыштырып жиберишти, ал эми анын  IMEI-код, SIM-карта тууралуу идеясын МММ каржылык пирамидасына окшоштуруп салышты.

«Операторлордо абоненттердин эсебинен чыгымды толуктоонун түмөндөгөн ыкмалары пайда болмок, мисалга тарифти жогорулатып», - деп божомолдойт бир интернет колдонуучу.  

Vesti.kg сайты комментарий үчүн саясат таануучу Марс Сариевге кайрылды. Талдоочу бул жаңылыкты бюджетти толтуруунун эле далалаты деди.

- Бизде өзгөчө оор экономикалык кырдаал жана инвестициялык климат болсо аман эле болсун, - деп белгиледи ал. - Байлыктын качышы жана өтө чоң коррупциялык иштер бизнестин токтошуна алып келди. Казына бош калды. Албетте, премьер-министрдин болгон нерсени эптештирүүдөн башка айласы калган жок.

Саясат таануучунун пикиринде, мындай элге чоочун ыкмалар өкмөттүн кадырын кетирет.

- Келе албай жатып жаңы салыктын түрүн киргизгенге аракет кылды, - дейт Сариев. - Мен азыр өкмөттүн аналитиктери эмнени ойлоп жатышкандарын билбейм. Күзүндө өкмөттүн кризиси болуп калышы мүмкүн. Менин жеке оюмча, бул нерсе бакиевдик 60 тыйынды элестетет.

Дагы бир талдоочу, экономист Максат Мамытканов да Курманбек Бакиев президент болуп турган учурду эстеди.

- Бул салык Максим Бакиевдин 60 тыйынын эске салат, - деди ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде.

Негизи симкартага  IMEI-код койсо, анда симкарта жана уюлдук телефондордун соодасында автоматтык түрдө алардын көзөмөлүнө өтөт. Кымбатчылык болот. Эгерде сен азыр бир жолу 100 сом төлөсөң, кийинки жолу дагы төлөйсүң. Бул чиновниктер үчүн дагы бир коррупциялашкан жем жеген акур болуп калат.

Эске салсак, өкмөт коомчулуктун талкуусуна «КР аймагында уюлдук байланыш түзүмдөрүн идентификациялоонун эрежелери тууралуу» долбоорду алып чыкты. Документке ылайык, ар бир номур алмашкан учурда уюлдук телефондун ээси каттоо үчүн 100 сом мамлекетке төлөөсү керек. Эгерде телефон мурда катталбаган болсо гана.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх