Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковдун камакта калуусун октябрга чейин узартышты

Тергөө муну экс-премьер-министр качып кетиши мүмкүн деп түшүндүрдү

Биринчи май райсоту мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырды. бул туурасында Vesti.kg сайтына КСДП пресс-катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.

Айыптоочу тараптын мурдагы премьер-министрге бөгөт коюу чарасын узартуу тууралуу арызын карап чыгышты.
Анын айтымында, сот жараяны жабык режимде өттү.

- Кийин бизге жактоочу айтып бергендей, айыптоочунун өтүнүчү Сапар Исаковдун качып кетүүсү мүмкүн экендигине байланыштуу, - деп белгиледи ал. - Ошону менен бирге эле алар өздөрүнүн өтүнүчтөрүнө негиз таба алышкан жок. Тергөөчү бир да далил келтире алган жок. Ал жөн гана ушинтип ойлоорун айтты.

Эске сала кетели, мындан мурда Жогорку сот экс-премьер-министрдин камакта калуусун 5-августка чейин узарткан биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган болчу.

2018-жылы 29-майда мурунку өкмөт башчы Сапар ИсаковгоБишкек ЖЭБ модернизациясындагы коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Аны КР КК 303 беренесинин 1 б. менен айыпташкан (Коррупция).
Биринчи май райсотунун 5-июндагы чечими менен аны УКМК тергөө абагына тергөө бүткүчө камакка алышкан.
13-июнда Бишкек шаар соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх