Өмүрбек Текебаев оорукананын кардиология бөлүмүнө жаткырышты
ЖАМК экс-депутатты медициналык кароодон өтөт деп түшүндүрүштү
ЖК экс-депутаты Өмүрбек Текебаевди колониядан Улуттук кардиология бөлүмүнө котрушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматы билдирди.
- Камактагы мурдагы депутатты 31-июлда дарыгерлердин кеңеши менен ооруканага чыгарышкандыгын мекемедегилер айтышты. - Мурда депутаттык комиссия Өмүрбек Текебаев дарылоо курсун алуусу тууралуу билдирген болчу. ЖАМК жетекчилиги өз кезегинде саламаттык сактоо Министрлигин комиссия түзүп, ооруканага чыгаруу тууралуу кайрылган.
ЖАМК лар экс-депутаттын мезгил-мезгили менен дары ичип тургандыгын кошумчалады. Улуттук кардиология борборунда ал текшерүүдөн өтөт.
- Азырынча аны ал жерде канчага кармап тураары белгисиз. Ал конвойдун коштоосунда жүрөт, - деп аяктады пресс-кызматы.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www