Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токтайым Үмөталиева Бишкек мэрлигине талапкер болбой калды

Боршайкомдогулар аны шаар башчылыгына талапкер боло албайт деп түшүндүрүштү

Мурдагы президенттике талапкер Токтайым Үмөталиева Бишкек мэрлигине талапкер катары аймактык шайлоо комиссиясынын каттоосунан өткөн жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Боршайкомдун пресс-кызматы билдирди.

БШК маалыматы боюнча, Токтайым Үмөталиева Бишкек мэрлигине талапкер катары өзүн өзү койгусу келген.

- Ал Конституциядагы ар бир жаран тигил же бул кызматка шайланууга укуктуу деген мыйзамга таянган. Бирок ал жерде Бишкек шаарынын мэрлик кызматына шаардык кеңештин фракцияларынын коалициясынан талапкерлигин коюуга жана КР премьер-министри бул кызматка талапкер боло алат деп так, даана жазылып турат, - деп түшүндүрүштү БШК.

Эске салабыз, борбор калаанын шаар кеңешинин коалициялык көпчүлүгү Бишкек мэрлигине талапкер кылып жалгыз гана Азиз Суракматовду көрсөтүштү. Документтерди кабыл алуу ушул жылдын 31-июлунда аяктады.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх