Ысык-Көл облусун ким башкараары белгилүү болду
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийешелүү буйрукка кол койду
Акылбек Осмоналиевди Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындашты. Өкмөт башчы Мухаммедкалый абылгазиев тийешелүү буйрукка кол койду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
- Бүгүн кечинде аны кесиптештерине тааныштырат, - деп маалымдашты андагылар.
Белгилей кетебиз, Ысык-Көл облусунун башчылыгына дайындалаардан мурун Осмоналиев президенттин жана Кыргыз өкмөтүнүн иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген.
Эске салсак, Ысык-Көлдүн мурунку башчысы Узарбек Жылкыбаев Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылдын 25-июлунда дайындалган болчу.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www