Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мухаммедкалый Абылгазиевдин 100 күнү

Жаңы өкмөт башчы өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алдыбы? Талдоочулардын пикири

Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргыз өкмөтүн башкаргандан бери 100 күндөн ашуун убакыт өттү. Бул убакыттын ичинде премьер-министр өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көрсңтүшү керек болчу деп эсептешет.

Бул 100 күн ичинде жаңы өкмөт башчы канчалык ишмердүүлүгүн көрсөтө алды жана эмнеси менен эсте калды?  Vesti.kg  сайты ушул суроону талдоочуларга жолдоду.

Саясат таануучу Денис Бредаков  Vesti.kg сайты менен маекте Мухаммекалый Абылгазиевди коомдук эмес адам деп атады.

- Чамасы, ал элге көрүнгүсү келбеген премьерлердин бири, - дейт ал. - Элдин көзүнө көрүнгүсү келбеген адамды жакшы же жаман деп баалаш кыйын. Чынын айтканда ал тараптан өтө деле күчтүү демилгени байкаган жокпуз. Ооба ал бир нерселерди айтып, билдирип атты, бирок дүңк эткен нерсеси болгон жок. Аны Темир Сариев менен салыштырып карай турган болсок, ал саясатчы эмес. Менин түшүнүгүмдө, ал өзүн технократ көрсөткүсү келет окшойт. Аны парламентте шайлап атышканда, ал ийкемдүү көрсөткүч болчу.

Ошону менен бирге эле көз карандысыз саясат таануучу, профессор Бекбосун Бөрүбашев мынчалык кыска аралыкта премьердин ишине баа берүү татаал дейт.

- Менин оюмча, ири жана байкала турган өзгөрүүлөр болгон жок, - деп белгиледи ал  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Анын үстүнө ал кечээ жакында эле келди да, иш мурункудай эле жүрүп жатат. реформа азырынча жок, конкреттүү сунуштар да жок. Сиздер мэрди шайлоо кандай өтүп жаткандыгын көрүп жатасыздар да. азырынча кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү күтүүгө мүмкүн эмес. Бир гана коррупция менен күрөшүү чөйрөсүндө бир аз жылыш бардай.

Ал ортодо экономика жаатынын талдоочусу жана премьер-министрдин мурунку кеңешчиси Сергей Пономарёв мындай кыска мөөнөттө Мухаммедкалы Абылгазиев көп нерсе жасоого үлгүрдү деген оюн айтты. Ал бир нече мисал келтирди.

- 100 күн деген - бул дайыма кыска мөөнөт, бирок ошентсе да, бул убакыттын ичинде көп иштер жасалды, дейт ал  Vesti.kg  сайты менен болгон маегинде. - Мисалга алсак, 2021-жылга чейин бизнес-коомчулугун текшерүүгө мораторий киргизүү. Ошондой эле азыр зыяны тийбей турган жаңы ыкмалар иштелип чыкканы жатат. Мына ушул иштелип чыкканы жаткан жаңы ыкмада чиновниктердин аракети же аракетсиздиги даана байкалат. Мындай нерсе Кыргызстандын тарыхында болгон эмес.

Ошондой эле Пономарев жакында премьер-министр демилгелеген кооперативдик аракет түзүү тууралуу да эскертти.

- Тактап айтканда, бул кыймылды түзүү үчүн каралып жаткан көчмө долбоорду белгилеп кетти: «Бир айыл өкмөтү о бир моноайыл чарба маданияты», - деп улантты Сергей Васильевич.   - Мен, айтмакчы бул идеяны беш жыл түрткүлөгөм, майнап чыккан эмес. Ал эми бул азыркы угуп атканыңар мактоого арзырлык нерсе.

Бирок эң негизгиси, жаңы өкмөт башчы бизнес-коомчулукту уга билгендигинде, - деп белгиледи талдоочу.

- Бизди угушат жана биздин пикирибиз эсепке алынат, - деп аяктады ал. - Биз премьер-министр баштаган инвесткеңешке таянабыз. Бирок албетте ар кандай чече турган маселелер көп дечи. Бирок жалпысынан алганда премьер-министр өкмөткө көчөдөн эле келген бирөө эмес. Убагында ал Соцфондду башкарган, анан вице-премьер-министр болуп иштеди ж.б.у.с.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх