Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мухаммедкалый Абылгазиев Талас областынын башчысын жемеледи

Премьер-министр  Марат Мураталиевди кийинки кеңешмеге кирбесин деп опузалады

Министрлер кабинетинин башчысы  Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Талас областындагы  ыйгарым укуктуу өкүлүн сынга алды.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчы  Мурталиевден Талас областында каттоодон өтпөгөн канча мектеп бар экенин сурады. Аймактын башчысы жанында тиешелүү документтер жок экендигин жүйөө кылып,  суроого жооп бере алган жок.   

- Сиз эмне, чай ичкени келдиңизби? –  Же компьютергеби ? Сиз өкмөттүн кеңешмесине келдиңиз. Жаныңызда жок дегенде кагаз же планшет болушу керек. Эгерде дагы бир жолу ушундай болуп келсеңиз, анда залга  кирбейсиз-деп жемеге алды, премьер-министр.

Сүрөт  www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх