Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Боршайкомдо Токтайым Үмөталиеванын арызын талкуулашат

Маселе Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын укук коргоочуну Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерликке каттабай койгон чечимге кийешелүү

Боршайком укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын аны мыйзамсыз каттабай койгондугу тууралуу арызын талкуу кылат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына БШК пресс-кызматы билдирет

Бүгүн жыйында Бишкек аймактык комиссиясынын 2018-жылы 31-июлунда Токтоайым Үмөталиеванын шаар башчылыгына талапкерлигин каттабай коюшу тууралуу маселени талкууга коюшат.

Андан сырткары, бүгүн БШК «Биздин укук» коомдук фондунун муниципалитеттин башчылыгына шайлоону жокко чыгаруу кайрылуусун карашат. Алар шайлоого жаңы датаны белгилөөнү сунуш кылышат.

Эске салсак, Үмөталиева аймактык шайлоо комиссиясында Бишкек мэрлигине талапкер катары катталууну көздөгөн.

Бишкек АШК аны каттоодон баш тарткан. Анткени КР мыйзамынын «Борбордун макамы тууралуу»  23-беренесине ылайык талапкерликке бир гана фракция жана премьер-министр акылуу болчу.

Өз кезегинде укук коргоочу арызы менен президентке жана Боршойкомго кайрылган.  Ал аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматовду «кесипкөйсүздүгү» үчүн жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх