Кыргызстанга бизнес-акыйкатчы керекпи?
Премьер-министрдин идеясына бинес өкүлдөрү пикирлерин билдиришти
Кыргызстанда ишкерлердин укугун коргой турган акыйкатчы-бизнес институтунун түзүлүшү күтүлүүдө. Бул туурасында ишкерлердин субьектилерин текшерүүгө мораторй киргизүү маселесин караган өкмөттүк кеңешмеде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Кыргыз өкмөтүнүн башчысынын бул идеясы ишкерлер чөйрөсүнөн колдоо табабы? Бул суроону Vesti.kg бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн сурап көрдү.
Маселен, ишканалардын соода жана тейлөө чөйрөсүнүн жана базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономаревдун пикиринде жаңы киргизилип жаткан бул демилге Кыргызстандын ишкерлери үчүн пайдалуу болот.
- Бизнес субьектилеринин эркиндик укуктары бузулган учурларда алар кайда кайрылууну такыр билишпейт. Азыркы иштеп жаткан акыйкатчы институтуна бара албайт, анда мындай функция жок. А эгерде бизнес боюнча акыйкатчы институту болсо мындай боштукту жокко чыгармак. Профсоюздар менен бизнес – бирикмеси болгону кеңеш берүү жаатында гана таасир берип келет. Биз кат жазабыз, каршылыгыбызды билдиребиз, ММКга кайрылабыз, ж.б. А бизнес акыйкатчысы – бул экономикалык прокурор жана жактоочу функцияларын аткарган адам болуп эсептелет. Андыктан пайдалуу болмок.
Экономика министрлигине бизнес коомчулугун катыштырган жумушчу тобун түзүүнү жана бул маселени акырыны чейин иштеп чыгуу тапшырылды. Анын тең төрагасы Сергей Пономарев
- Мурда бул бизнес- акыйкатчысы кайсы милдеттерди аткарышы керектиги түшүнүксүз болуп жаткан. Эми баарыбыз сүйлөшүп алдык, баарыбызга түшүнүктүү болуп калгандыктан жумушчу топ маселени иштеп чыгуу стадиясында турат. Бул максатта биз чет өлкөнүн тажрыйбасын да иликтеп чыктык. Адегенде өкмөттүн токтомунун долбоорун даярдадык, андан соң бул институт түзүлүп калса, жогорку деңгээлге чыгыш үчүн Жогорку Кеңешке да мыйзам долбоорун иштеп чыгабыз.
Өкмөт башчынын бул идеясын колдогон автоташуучулар ассоциациясынын төрагасы Нурбек Турсунбаев Vesti.kg буларды билдирди.
- Негизинен, бул абдан жакшы идея,-дейт ал. Ооба, мен макулмун, ишкерлердин укугун коргогон коомдук уюмдар бар дегенге , бирок ар бир эле уюм өзүнүн векторунда гана иш алып барат. А бизнес- бул көп векторлуу көрүнүш эмеспи. Андыктан мен бул жаңы демилгени колдойм.
Муну менен бирге эле Турсунбаев бизнестеги акыйкатчы ата мекендик ишкерлердин тилегин, ниетин жакшы билген адам болуш керек деген сунушун билдирди.
- Менин оюмча бул адам жөн гана чиновник болобу же чет жактан билим алып келген болобу, айтор Ак үйгө эркин кирип -чыккан ошол эле мезгилде бизнестин көйгөйлөрүн билген адам болушу керек
Бакыт Стамов
Сүрөт www