Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Замандаш» Кара-Балтанын мэри тарабынан болчу коркунучка арызданат

Партиянын мүчөлөрү эскертет: Эгерде Данияр Шабданов коркуткан нерселерин кылса, укук коргоочулар аракетсиздиги үчүн баарына күнөөлүү болушат

Кара-балтадагы «Замандаш» партиясынын мүчөлөрү шаардык муниципалитеттин башчысы Данияр Шабданов тарабынан болгон коркутуу жана басым тууралуу айтып беришет. Vesti.kg редакциясына саясий бирикменин катчылыгынын президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана парламенттин спикери Дастанбек Жумабековго кайрылуу каты келип түштү.

                                                                                          КР Президенти Жээнбеков Сооронбай    Шарипович,
                                                              КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Жумабеков Дастанбек Артисбекович,
                                                                       КР Премьер министри Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич,

 
  Урматтуу Сооронбай  Шарипович,
  Урматтуу Дастанбек Артисбекович,
  Урматтуу  Мухаммедкалый Дүйшөкеевич,

“Замандаш” саясий партиясынын Кара-Балта шаарынын өкүлчүлүгү жергиликтүү  тургундардын атынан Кара-Балта шаарынын мэри Д.Шабдановдун  мыйзамсыз аракеттери тууралуу КР укук коргоо органдарына кайрылуу жасады.

Тилекке каршы,партиянын регионалдык өкүлдөрү  Д.Шабданов тарабынан болуп көрбөгөндөй кысымга кабылып, коркутуулар менен кайрылууну токтотууну талап кылышууда.

Аталган иш боюнча ,тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берип, маселени өзүңүздөрдүн жеке көзөмөлүңүздөргө алууңуздарды сурайбыз.

Партия өкүлдөрүнүн ден-соолугу жана коопсуздугу, жакындарынын коопсуздугу коркунучта. Учурунда тийиштүү чаралар көрүлбөсө , жоопкерчилик укук коргоо органдарында деп эсептейбиз.



“Замандаш” СПнын 

Борбордук Катчылыгы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх