Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков УКМК кызматкеринин үстүнөн башпрокуратурага арызданды

Мурдагы премьер-министр шантаж фактысы боюнча иликтөө жүргүзүүнү суранат

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ага шантаж кылгандыгы үчүн УКМК кызматкеринин үстүнөн башпрокуратурага арыз менен кайрылды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирип, редакцияга документтердин көчүрмөлөрүн берди.

Анын айтымында, тергөөчү Сапар Исаковду СИЗОдон чакыртып алып, УКМКнын дагы бир кызматкери менен жалгыз калтырган.

«2018-жылдын 13-июлунда болжол менен саат 13:00  мени СИЗОнун камерасынан тергөөчү Кубаныч Сабыровдун кабинетине алып келди. Тергөөчү Сабыров кабинеттен чыгып кетип калды, ал эми Илим деп өзүн тааныштырган УКМК кызматкери болсо мени Нурбек Токтакуновдун жактоочулук кызматынан баш тартышымды сунуш кылды. Антпесем «WikiLeaks» сайтындагы бир жарыяланган материал боюнча кылмыш ишин козгоорун айтты. Себеби ал жерде менин атым аталат экен», - деп жазат экс премьер өз катында.  

Исаков анын айтымында, бул сунушка макул болгон эмес жана өзүнүн жактоочусу Нурбек Токтакуновго  бул шантаж фактысы боюнча жарыя кыл деп тапшырма берди.

«УКМК кызматкери Илим деген меин өтүнүчүм каралып жатканда мени коштоп 2018-жылдын 5-июнунда Биринчи май райсотуна барган», - деп белгиледи мурунку өкмөт башчы.  

Жактоочу Токтакунов Facebook баракчасына болгон окуя тууралуу чыгарган соң, КР коопсуздук комитетинин пресс-кызматы расмий жооп кылды:

«Токтакуновдун акыркы билдирүүсү карандай калп. Канчалык жалган болсо ошончолук катуушенет дегендей. Токтакуновдун билдирүүсүн кезектеги жеңил пиар катары бааласа болот», - деп билдирди пресс-кызматы.  

Бул туурасында Сапар Исаков өз жоопкерчилиги менен буларды билдирди: жактоочу менин айткандарымды гана коомчулукка жеткирди.

«Айыпталуучуну мажбурлап өзүнүн жактоочусунан баш тарттыруу - бул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу (КР КК 305 беренеси) жана ошондой эле жактоочунун ишине тоскоолдук кылуу (КРКК 318 берене), - деп көрсөттү мурунку премьер. - Ал эми КР Башкы прокуратурасынын негизги милдет  органдарда мыйзамдын сакталуусун көзөмөлдөө болуп саналат. Мага карата болгон шантаж фактысын иликтеп, УКМК кызматкерин жоопкерчиликке тартууңузду суранам».

Эске салсак, мурун Жогорку сот Сапар Исаковдун 5-августка чейин камакта калуу тууралуу биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Кийинчерээк Биринчи май райондук соту анын камакта калуусун 5-октябрга чейин узарткан.

2018-жылы 29-майда иликтенген кылмыш ишинин алкагында Бишкек ЖЭБ модернизациясындагы коррупция фактысы боюнча Сапар Исаковду КР КК 303 берене 1 б. (Коррупция) менен айыпташкан.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх