Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов коррупционерлердин балдарын, неберелерин жазалоону сунуштады

Ал өзүнүн бул оюн парламентте каникулдан кийин бөлүшкүсү келет

Тазабек Икрамов коррупционерлердин балдарын, неберелерин мамлекеттик кызматка таптакыр албоону сунуш кылат. Ал бул оюн Vesti.kg сайты менен бөлүштү.

Депутаттын айтымында, бул коррупционерлер менен күрөшүүдө жакшы ыкма болот.

- Биздин президентибиздин коррупция менен күрөшүүнү жарыялаганын эске алып, мен мындай деген идеяны сунуш кылам, уурулук кылган чиновниктердин балдарын, неберелерин мамлекеттик кызматка эч качан албаш керек, - деп түшүндүрдү эл өкүлү. - Балким бул чиновниктердин эл байлыгына кол салышын ооздуктайт.

Икрамов өзүнүн сунушун каникулдан кийин парламентте айтууну көздөйт.

- Бул азырынча идея гана, мен муну азырынча эч ким менен талкуулап көрө элекмин, - деди депутат. - Чамасы, күзгө барып бул маселени көтөрөм.

Эске сала кетсек, мурда  депутат Тазабек Икрамов улут аралык кастыкты коозуткандарга жазаны күчөтүүнүн сунуштаган болчу. Андан сырткары, ал депутаттарга KG - номерди кайрып берүүнү сунуш кылган.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх