Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Турганбаев: Уулу атасы үчүн жооп бербеши керек

Эксперттер Тазабек Икрамовдун коррупционерлердин балдарын, неберелерин мамлекеттик кызматка албоо сунушун талкуулашты

Жакында эле Тазабек Икрамов коррупционерлердин балдарын жана неберелерин мамлекеттик жумушка эч качан албоо тууралуу сунушун айтты. Ал өзүнүн оюн Vesti.kg сайты менен бөлүштү.

Эл өкүлүнүн ою боюнча, мындай практика коррупция менен күрөшүүдө өз эффективдүүлүгүн көрсөтмөк.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев депутаттын оюна макул болду. Алтурсун бул идеясы үчүн аны алкап да жиберди.

- Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде коррупционерлер балдарынын жыргалчылыгы үчүн уурулук кылат да , - деп айтты. - Анан алар ал акчага диплом сатып алышат, кызматтарга отуруп атасынын жолун жолдошот. Тазабек Икрамов жаш депутат жана спортсмен катары бул схеманы чыныгы жашоодо көрдү.

Мисалы АКШда мындай бир мыйзам бар, ага ылайык мамлекетти бр эле жолу коррупциялык жол менен алдаган киши кийин мамлекеттик кызматта иштей албайт. Андан сырткары, бардык өлкөлөрдө тууганы мурун соттолгон болсо мамлекеттик жумушка алышпайт. Бизде болсо тескерисинче, соттолгондугун жоюуну ойлоп табышты. Соттолсо деле мамлекеттик кызматта иштей беришет. Бул толугу менен абсурд.

Сөзүн тактап коюу үчүн эксперт  «Алма сабагынан алыс түшпөйт» деген макалды мисал кылды.

- Андай коррупционерлердин үй бүлөсүнөн чыккандардын тизмесин түзүү керек, - деп улантты Какчекеев. - Туура түшүнгүлө, социалдык психологияга ылайык криминалдык чөйрө криминалдык ой жүгүртүүгө гана ылайыкташат.

Үй бүлө - бул коомдун бир бөлүгү жана анда бир нерсе туура эмес болуп жатса аны көңүлгө алуу зарыл.
Бирок, ИИМ экс-башчысы, генерал-майор Мелис Турганбаев саясат таануучунун пикири менен макул болгон жок. Мурунку укук коргоочу ар бир адам мыйзам алдында өз алдынча жооп бериши керек деп эсептейт.

- Мындай кырдаалда уулу атасы үчүн жооп бербеши керек деп ойлойм, ошондой эле атасы уулу үчүн да, - деп белгиледи Турганбаев Vesti.kg сайтына. - Бул нерсе адам укугун кордоо болуп калат. Эгерде анын атасы ууру болсо, ал эми баласы жакшы болсо, эмне үчүн мамлекеттик кызматта иштебеши керек? тескерисинче атасы жакшы киши, ал эми баласы коррупционер болсо. Мен буга чынын айтсам жооп берүүдөн бир аз кыйналып турам. Эгерде балдарын, неберелерин да жазалай турган болсок, Кыргызстанда эч ким мамкызматка иштебей калат.

Активист жана саясат таануучу Анарбек Катаганов да депутаттын идеясын адам укугун тебелөө деп эсептеди.  Ал Vesti.kg сайтына берген маегинде муну чоң адилетсиздик деп атады.

- Эмне үчүн балдары атасынын туура эмес нерселерине жооп бериши керек? - деп суроо берди ал. - Андан да неберелеричи? Мүмкүн алардын арасынан көрүнүктүү адамдар чыгып калсачы? Алардан кийин мамлекетке пайда келтирген мыкты инсандар чыксачы? Бул ыкма моралдык жактан басынтуу болуп калат. Коррупция менен күрөшүүдө башка жакшы натыйжа бере турган ыкманы колдонуу керек.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх