Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК депутаттары Азиз Суракматовдун программасына убакыт коротпоону чечишти

Алар түз эле добуш берүүгө өтүштү. Ошол учурда борбор шаардын мэри кылып Суракматовду шайлоого каршы мэриянын алдында элдер митинг кылып турушат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэрликке талапкер Азиз Суракматовдун программасын укпоону чечишти.

Дароо эле добуш берүү сунушу менен Валентина Лисниченко чыкты. Сунушту добушка коюшту, кесиптештери Лисниченкону колдошту.

Азыр эл өкүлдөрү добуш берүүгө даярданып жатышат.

Эске сала кетсек, Бүгүн Бишкекте мэрди шайлоо болуп жатат. шаар башчылыкка бир гана талапкер Азиз Суракматов.

Ал ортодо мэриянын имаратынын алдында  жарандык активисттер Суракматовго каршы митингге чыгышты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх