Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Индира Жолдубаеваны сотко беришти

Акын Темирлан Ормуков экс-башпрокурордон 50 миң сом өндүрүп берүүнү суранат

Акын темирлан Ормуков экс-башпрокурор Индира Жолдубаеванын үстүнөн доо арыз менен Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Акын анын пайдасына Жолдубаевадан 50 миң сом өндүрүп берүүнү талап кылат.

- Мен Индира Жолдубаеваны башпрокурор катары менин ишим боюнча мыйзам бузду деп эсептейм, менин ырымды алар аймактар аралык кастыкты козутту дешкен, - деп билдирди Ормуков. - Кеп жараяндык эреже бузуу тууралуу болуп жатат. Эсиздердеби, башпрокурордун чечими менен филологиялык экспертиза дайындашкан. Мыйзам боюнча мени суракка алып, андан кийин экспертизиги жөнөтүү керек болчу. Бирок Жолдубаева чечимди Дастан Бекешовдун арызынын негизинде эле чыгарып койгон. Мыйзам боюнча калыстык жана толук болушу үчүн бардык тарапты угуу керек эле. Андан соң гана көз карандысыз тарап катары эксперт чечим чыгарышы керек болчу. Булар болсо мени эң акыркы кезекте чакырышып, менин ырымда аймакка бөлүү бар экен дешип, кылмыш ишин козгоп салышты.

Ошону менен бирге акын экспертиза буйрутма мүнөздө экендигин айтат.

- Маселен, мен ал ырды жазган эмесмин деп да койсом болмок, - дейт ал. - Алар адегенде ал ырдын авторун аныкташы керек болчу. Эң кызыгы ыр кыргызча болчу, ал эми эксперттердин корутундусу оруча чыкты. Ошондой эле эксперттин фамилиясы да Семёнов деп турат. Экспертизанын өзү да шек жаратат. Мисалга «кой» деген сөздү алалы, ал жаныбарды жана бир нерсени коюп коюуну түшүндүрөт. Мен кандай маанини ал ырымда бергенимди алгач мойнума коюшсун. Экспертиза буйрутма болгон, ошондуктан ишти андан ары улантышкан жок. Мунун өзү ага факт болуп турат. Менин ырымда  аймакка бөлүү, бирөөнү кордүү бар болсо, анда эмнеге ишти андан ары улантышпайт. Демек коркушту.

Эске сала кетсек, Темирлан Ормуков өлкөнүн президенти тууралуу жаңжалдуу ырлардын жыйнагы менен аты чыккан. Ал өзүнүн чыгармаларын соцтармактарга жайылткан. 2016-жылы декабрда Башпрокуратура анын ырларынан аймакка бөлүүнүн элементтерин көргөн жана президенттин кадыр баркына доо кетирип жатат деп эсептеген. Бирок анда ага карата кылмыш ишин козгогон эмес болчу.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх